Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры №1
Казан-Куйган айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин каражатынан 2020-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Казан-Куйган айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин каражатынан 2020-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо максатында
Казан-Куйган айыл аймагынын тургундарынын катышуусунда өткөрүлгөн чогулуштун чечими менен сессияда айтылган сунуш пикирлерди эске алып, Казан-Куйган айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 3 279 733,0 (үч миллион эки жүз жетимиш тогуз миң жети жүз отуз үч) сомду түзгөн Казан-Куйган айыл аймагынын “Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин эшик терезелерин алмаштыруу” долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары “Казан-Куйган айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 491 960 (төрт жүз токсон бир миң тогуз жүз алтымыш) сом бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Казан – Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы Ырысбек уулу Элдарга милдеттендирилсин.
Төрага | М.Шалтаев |