Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-декабры №1
Айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 10-декабрындагы №01-16/1085 сандуу кайрылуусу жөнүндө
“КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүү жөнүндөгү 2019-жылдын 18-ноябрындагы №01-05/13 сандуу катын, Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусун жана Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 10-декабрындагы № 01-16/1085 сандуу сунушун угуп жата талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 01- 05/13 сандуу каты, А. Сатыкуловдун 2019- жылдын 10- декабрындагы № 01-16/1085 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургундары Кубатов Болотбек Усупбекович жана Адашов Исакжан Алижановичтин талапкерлиги сунушталсын.
3. Жогоруда аты аталган талапкерлердин тийиштүү документтерин аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин..
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З.Арстанбеков |