Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-декабры №3
Айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүндө жаңы ачылган Бүргөндү “Тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын башчысы С. Разакуловдун 2019-жылдын 10-декабрындагы № Р-80 сандуу кайрылуусунда айтылгандай, аталган ишкананын ишин үзгүлтүкө учуратбоо, таштанды жыйноочу техника менен камсыз кылуу максатында райондук өнүктүрүү фондуна даярдалып жаткан долбоорду кабыл алып берүү жөнүндөгү А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 10-декабрындагы № 01-16/1084 сандуу сунушун угуп жата талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Разакуловдун 2019-жылдын 10-декабрындагы № Р-80 сандуу кайрылуусу А. Сатыкуловдун 2019- жылдын 10- декабрындагы № 01-16/1084 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Бүргөндү “Тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасына таштанды чогултуучу техника алуу максатында райондук өнүгүү фондуна даярдалган долбоору кабыл алынсын.
3. Аталган долбоорду ишке ашырууга керектелүүчү иш кагаздарын даярдап,
тиешелүү чараларды көрүү жагы Бүргөндү “Тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын башчысы С. Разакуловко милдеттендирилсин.
4. Райондук өнүктүрүү фонду менен Бүргөндү “Тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын ортосунда даярдалып жаткан долбоор жана иш аракеттерге толугу менен көзөлөм жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке жана Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З.Арстанбеков |