Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-декабры №4
Жаштык айылынын тургуну Артыков Аскаралынын 2019-жылдын 10-декабрындагы № А-78 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаштык айылынын тургуну Артыков Аскаралинин 2015-жылы аукцион аркылуу алган 0,66 га жер аянтынын 30690 (отуз миң алты жүз токсон) сом өлчөмүндөгү аренда акысын кечип берүү жөнүндөгү 2019-жылдын 10-декабрындагы А-78 саны менен кириштелген кайрылуусун, айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 10-декабрындагы № 01-16/1086 сандуу катын угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаштык айылынын тургуну А. Артыковдун 2019-жылдын 10-декабрындагы кириш А-78 сандуу кайрылуусу, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 10-декабрындагы № 01-16/1086 сандуу каты эске алынсын.
2. Жаштык айылынын тургуну Артыков Аскаралинин 2015-жылы аукцион аркылуу алган 0,66 га жер аянтынын 30690 (отуз миң алты жүз токсон) сом өлчөмүндөгү аренда акысын, бир жылга, бир жолу 10 000 (он миң) сомго жеңилдетилип, башкача айтканда бир жылдык төлөмү 20690 (жыйырма миң алты жүз токсон) сом деп белгиленсин.
3. Жер пайдалануучулар менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З.Арстанбеков |