Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-декабры № 5
Кызыл-Кыя айылындагы Таза-Суу бирикмесинин 174,56 (бир жүз жетимиш төрт сом элүү алты тыйын) өлчөмүндөгү эски карызын төлөө жөнүндө
КРнын Финансы министирлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 17-июлундагы № 19-05-02/1086 сандуу катын жана айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 10-декабрындагы № 01-16/1088 сандуу катын угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын Финансы министирлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 17-июлундагы № 19-05-02/1086 сандуу каты, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 10-декабрындагы № 01-16/1088 сандуу каты эске алынсын.
Кызыл-Кыя айылындагы Таза-Суу бирикмесинин айрым себептерден улам төлөнбөй калган карызы үчүн 174,56 (бир жүз жетимиш төрт сом элүү алты тыйын)
Өлчөмүндөгү акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдалауу жагы Айыл 3
өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына
жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З.Арстанбеков |