Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-декабры № 6
Жаштык айылынын тургуну Г. Тагайалиеванын арызын кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаштык айылынын тургуну Г. Тагайалиеванын 2019-жылдын 03-декабрындагы кириш № Т-77 сандуу арызын угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маккамбай айылынын тургуну Г. Тагайалиеванын 2019-жылдын 03-декабрындагы № Т-77 саны менен кириштелген арызы эске алынсын.
2. Г. Тагайалиеванын жолдошу Ж. Мейманкуловдун дарылануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдалауу жагы Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З.Арстанбеков |