Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-декабры №7
№ 19-А. Казаков орто мектебинин директору У. Олкасимовдун 09.12.2019-жылдагы № 01-229 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнү аймагындагы № 19- А. Казаков орто мектебинин директору У. Олкасимовдун 2019-жылдын 09-декабрындагы № 01-229 сандуу кайрылуусунда айтылгандай, аталган мектепке узундугу 77,4м ден кем эмес болгон трибуна жана баардык шарттары менен спорттук аянтча куруп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №19- А. Казаков орто мектебинин директору У. Олкасимовдун 2019-жылдын 09-декабрындагы № 01-229 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнү аймагындагы № 19- А. Казаков орто мектебинин директору У. Олкасимовдун аталган мектепке трибуна жана баардык шарттары менен спорттук аянтча куруп берүү жөнүндө даярдаган долбоору кабыл алынсын.
3. Аталган долбоорду ишке ашырууга керектелүүчү иш кагаздарын даярдап, тиешелүү чараларды көрүү жагы мектеп директору У. Олкасимовко милдеттендирилсин.
4. Аталган долбоорду ишке ашырууга тиешелүү деңгээлде колдоо көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке жана Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З.Арстанбеков |