Загрузка документа…
БЕЙШЕКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры №4
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу тартиби жөнүндө Жобону жана муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 16-майындагы №01-18/56 буйругунун жана Бейшеке айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын 2018-жылдын 12-декабрындагы VII-сессиясынын VII-протоколунун чечиминин негизинде Бейшеке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу тартиби жөнүндө Жобо жана муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө Жобо айыл өкмөтү боюнча бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүндө муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу жана автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби Жобонун негизинде ишке ашырылсын.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Б.Тыналиев |