Загрузка документа…
БЕЙШЕКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры №5
Бейшеке айыл өкмөтү үчүн айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын иштеп чыгуу боюнча усулдук колдонмону бекитүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 16-майындагы №01-18/56 буйругунун жана Бейшеке айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын 2018-жылдын 12-декабрындагы VII-сессиясынын VII-протоколунун чечиминин негизинде Бейшеке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бейшеке айыл өкмөтү үчүн айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын иштеп чыгуу боюнча усулдук колдонмо бекитилсин.
2. Усулдук колдонмонун негизинде айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы 5 жылга иштелип чыксын.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Б.Тыналиев |