Загрузка документа…
БЕЙШЕКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры №6
Калкка кызмат көрсөтүү борборлору жөнүндө Жобону жана “ Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө келишимдин формасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 30-мартындагы №01-18/38 буйругунун жана Бейшеке айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын 2018-жылдын 12-декабрындагы VII-сессиясынын VII-протоколунун чечиминин негизинде Бейшеке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкка кызмат көрсөтүү борборлору жөнүндө Жобо айыл аймак боюнча бекитилсин.
2. “ Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө келишимдин формасы бекитилсин.
3. Жобо жана келишим боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Б.Тыналиев |