Загрузка документа…
БЕЙШЕКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры №8
Айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18 / 126 буйругунун жана Бейшеке айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын 2018-жылдын 12-декабрындагы VII-сессиясынын VII-протоколунун чечиминин негизинде Бейшеке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы 7 (жети) мүчөдөн турсун.
3. Айыл өкмөтүнүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларынын мүчөлөрү төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
Кайыпбеков С. – аскердик эсепке алуу столунун инспектору.
Темирбекова Н. – айылдык кенештин депутаты;
Мандашов З. - айылдык кенештин депутаты;
Умарбеков У. – айылдык кенештин депутаты.
Чолпонкулов А. – коомдук активист.
Малдыбаева А. – коомдук активист.
Иманбеков М. – А. Умарбеков ат орто мектебинин чарба иштери боюнча
директордун орун басары.
4. Айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары Жобонун негизинде иш алып барышсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Б.Тыналиев |