Загрузка документа…
БЕЙШЕКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры №9
Айыл аймактын Аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 24-июлундагы № 01-18 / 88 буйругунун жана Бейшеке айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын 2018-жылдын 12-декабрындагы VII-сессиясынын VII-протоколунун чечиминин негизинде Бейшеке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактын Аксакалдар сотунун ишинин регламенти бекитилсин.
2. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү “Аксакалдар сотунун ишинин регламенти” боюнча иш алып барышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Б.Тыналиев |