Загрузка документа…
БЕЙШЕКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы №1
Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо округдарын жана участкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Бейшеке айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын 2019-жылдын 31-январындагы кезексиз II-сессиясынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча округдардын жана шайлоо участкаларынын чек аралары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
№1 Кара-Буура шайлоо округу (УШК №6046 Кара-Буура)
Борбору: А.Умарбеков атындагы орто мектеби. Кара-Буура көчөсү №7
чек арасы: Кара-Буура айылынын чеги. Кара-Буура айыл аймагы менен Кара-Буура айылынын чеги.
№2 Бейшеке шайлоо округу (УШК №6047 Бейшеке)
Борбору: айыл өкмөтүнүн кенсеси. К.Ажыгулов №19
чек арасы: Бейшеке айылы менен Кара – Суу айылынын чеги.
№1 Кара-Суу шайлоо округу (УШК №6048 Кара-Суу)
Борбору: Б.Айтпаев атындагы орто мектеби. Б.Айтпаев көчөсү №35
чек арасы: Бейшеке айылы менен Кара-Суу айылынын чеги. Кара-Буура айыл аймагы менен Кара-Суу айылынын чеги.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Б.Умарбековго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Тыналиев |