Загрузка документа…
БЕЙШЕКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы №4
Бейшеке айыл кеңеши Бейшеке айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун жана 2019-жылга айыл Өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө
Бейшеке айылдык аймактык кеңеши, Бейшеке айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун, 2019-жылга жергиликтуу бюджетинин долбоорун карап жана талкуулап чыгып Бейшеке айыл Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бейшеке айыл кеңеши Бейшеке айыл Өкмөтүнүн 2018 - жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 10090,9 мин сом жана чыгаша бөлүгү 10090,9 мин сом олчомундо аткарылганы бекитилсин.
2. Бейшеке айыл кеңеши Бейшеке айыл Өкмөтүнүн 2019 - жылга бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 8950,4 мин сом, чыгаша бөлүгү боюнча 8950,4 мин сом өлчөмүндө кабыл алынсын.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынан түшүүсү белгиленсин:
Кат № | Статьялары | Киреше булактарынын аталышы | Суммасы |
1 | 11111100 | Киреше салыгы | 1434,0 |
2 | 11122200 | Патенттик негизде алынуучу салык | 165,0 |
3 | 11311200 | Кыймылсыз мулктон тушуучу салык | 2,1 |
4 | 11312100 | Транспорттук мулктон тушуучу салык | 415,0 |
5 | 11321100 | Бак-огороддорду пайдалануудан түшүүчү жер салыгы | 200,0 |
6 | 11321200 | Үлүш тилкелеринен түшүүчү жер салыгы | 884,0 |
7 | 11321300 | Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 15,0 |
8 | 11412100 | Сатуудан алынуучу салык | 500,0 |
| 14151200 | недр | 650,0 |
9 | 14152120 | Жайыт жерлердин ижара акысы | 419,1 |
10 | 14152600 | УКБФдагы жерлердин ижара акысы | 590,0 |
11 | 14222200 | Юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым | 0,0 |
12 | 14311100 | Административдик айып | 0,0 |
13 |
| Атайын каражаттар | 395,2 |
14 |
| Тендөөчү грант | 3281,0 |
|
| Баардык түшүүчү киреше | 8950,4 |
1. 2019-жылга Бейшеке айыл Өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү төмөнкү разделдер боюнча бекитилсин:
Анын ичинен:
Айыл Өкмөтүнүн аппаратына – 5650,4 мин сом
Коргонуу тармагына- 120,0 мин сом
Жайыт тармагына – 276,6 мин сом
Маданий тармагына – 404,5 мин сом
Элге билим беруу – 1428,5 мин сом
Бала-бакча – 1070,4 мин сом
Электр энергиясына болгон чыгым – 1023,5 мин сом
1. Токтомдун негизинде айыл Өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышын жана чыгаша бөлүгүнүн бекитилген статьялар боюнча аткарылышын камсыз кылуу айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Бюджетти аткаруу процессинде айыл Өкмөтүнө томондогудой мумкунчулуктор берилсин:
-Жыл ичинде сметанын чегинде статьядан статьяга, разделден разделге, ошондой эле кварталдан кварталга жылдырууларды жүргүзүп турууга, ошондой эле өзгөртүүлөрдү атайын эсептер боюнча жүргүзүүгө.
3. Жүргүзүлгөн сметалык өзгөртүүлөрдү жылдыруулардын эсебинен кварталдын, жылдын жыйынтыгы менен айылдык кеңеште бекитүүгө сунушталсын.
4. 2019-жылга айылдык аймагынын накталай кассалай акча жугуртуусу мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин бекитүүдө чыгаша бөлүгү боюнча зарыл болгон чыгымдарды Республикалык бюджеттен алынуучу каражаттан каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.
6. Кирешелерден ашык тушкон убакта чыгаша бөлүгү мыйзам чегинде жумшалсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бейшеке айылдык кеңешинин бюджет жана финансы комиссиясынын төрагасы Н.Темирбековага милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Тыналиев |