Загрузка документа…
БЕЙШЕКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-февралы №3
Бак – дарак түрүндөгү “ Айыл чарба жерлери” категориясынан “ Калктуу конуш алдындагы жерлери” категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018- жылдын 31-октябрындагы №512 токтомун жетекчиликке алуу менен, Бейшеке айыл аймагынын Кара-Буура айылынын тургундарын турак жай 9Участок) менен камсыздоо максатында, Бейшеке айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын 2019-жылдын 7-февралындагы III-сессиясынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Бейшеке айылдык аймагынын чегинде жайгашкан бак-дарак алдындагы жерлери түрүндөгү жалпы аянты 20,4 га жер аянты “ Калктуу конуш алдындагы жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
Бул чечимдин белгиленген тартипте аткарылышын Бейшеке айыл аймагынын Бейшеке айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Жусупбековго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Тыналиев |