Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры №3
Аскер билеттерин ала албай журген атуулдардын арыздары жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларынын төрагасынын корутундусун угуп, Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аскер билетин берүүдө Аксы райондук бириккен аскер комиссариатында кемчиликтердин бар экендиги белгиленсин.
2. Айылдык кеңештин депуттарынан төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн;
Керимкулов Тилеген
Нарматов Станкул
Tилеков Бакыт
Нурманбетов Нурлан
Мамбетов Нурмат
3. Кара-Суу айыл аймагындагы альтернативдик кызматта жүрүп аскер билетин ала албагандыгынын себебин жана мыйзамдуулугун кароо жагы Аксы райондук бириккен аскер комиссариаты менен айыл өкмөттө түзүлгөн комиссиянын курамына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Т.Малабеков |