Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-сентябры №85
Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 -жылдын 11-апрелиндеги № 202 токтому менен бекитилген "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө " жобосун жетекчиликке алып Май айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Май айыл өкмөтүнүн салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтуу келишим бекитилсин;
2. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Май айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Б.Джаналиевага милдеттендирилсин.
Төрага | И.Өзүбеков |