Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы №1
Баткен шаар мэриясынын, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо алкагында 2018-жыл ичинде аткарган иштерине шаар мэринин отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 3;12-пункуттарына ылайык Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаар мэриясынын, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо алкагында 2018-жыл ичинде аткарган иштери канаатандыраарлык экендиги белгиленсин. (мэрдин отчету тиркелет)
2. Баткен шаарынын мэринин 2018-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету бекитилген токтом шаар калкына шаардык «Өрүкзар» коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын
Төрага | А.Ташбеков |