Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы №3
Баткен шаарынын инфраструктурасын 2019-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен өнүктүрүүгө багытталган иш чарасын бекитүү жана 2018-жыл ичинде шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган иш чаранын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Рспубликасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутунун 1-пункутчасы, жана 3-пункутуна ылайык, Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын №01-8/35 токтомунун аткарылышын көзөмөлдөө максатында Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын инфраструктурасын 2018-жыл ичинде жергиликтүү бюдежттин эсебинен өнүктүрүүгө багьпталган 73 пункутту иш чарасынын 49 пункуту же болбосо 92,71 % аткарылгандыгы белгиленсин. (2018-жыл үчүн бекитилген иш чара тиркелет)
2. Баткен шаарынын инфраструктурасын 2019-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен өнүктүрүүгө багытталган 77 пункуттан турган иш чарасы жалпы суммасы 53455907.0 сом менен бекитилсин. (2019-жыл үчүн иш чарасы тиркелет)
3. Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган иш чаралар шаар калкына шаардык «Өрүкзар» коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |