Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы №6
Баткен шаарынын аты жок кээ бир көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы №108 "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу токтомуна жана Баткен шаардык кеңешинин 2009-жылдын 22-декабрындагы "Баткен шаарындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обьектилерге ат коюу. аталыштарын өзгөртүү " №12-5 токтомуна жана шаардык кеңештин социалдык жактан өнүгүү. жаштар. спорт. туризм жана медицина маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 19-февралдагы отурумунун протоколуна ылайык Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Баткен шаарынын аймактык башкармапыктарынын аты жок кээ бир көчөлөрүнө төмөнкү сунушталган ысымдар ыйгарылсын:
-Кызыл-Жол АТОсунун Кара-Тоо участкасындагы жаңы конуштун чыгыштан батышты карай кеткен катар көчөлөргө, (башкы көчөсү чыгыштан башталат) Ак Өрук-1; Ак Өрук -2; Ак Өрук -З; Ак Өрук -4; Ак Өрук -5; Ак Өрук -6; Ак Өрук -7.
-Кызыл-Жол АТОсунун азыркы Коргон-Добо көчөсүнүн тундук тарабындагы кыска көчө "Жусуп Дуйшеев" ысымы ыйгарылсын.
-Базар-Башы АТОсундагы жаңы конуш "Манас баатыр конушу" деп аталсын. "
Манас баатыр конушунун" түндүк жагынын башталган көчөлөргө 1 көчө; 2 көчө; З көчө;4 көчө; 5 көчө ысымдары ыйгарылсын.
-Базар-Башы кварталынын батыш туштук тарбындагы, Жибек-Жолу көчөсү менен Т.Сейдахматов көчөсүнүн ортосундагы кун чыгыштан батышты карай кеткен көчөгө "Ынтымак" ысымы ыйгарылсын.
-Чет-Булак АТОсундагы ботоникалык бакпагы жаны конуштун аты жок көчөсү УАМС катышуучусу Б.Мурзабековдун ысымы ыйгарылып. "Болуш Мурзабеков" көчөсү деп аталсын.
-Чет-Булак АТОсундагы МСО участкасынын аты жок биринчи көчөсүнө "'Алымбек Датка" ысымы ыйгарылсын,
-Чет-Булак АТОсундагы Айгул-Таш подстанциясынын аты жок көчөлөрүнө катарынан Айгул-Таш-1 ;Айгул-Таш-2; Айгул-Таш -3: Айгул-Таш-4; Айгул-Таш-5; Айгул-Таш-6; Айгул-Таш-7; Айгул-Таш-8; Айгул-Таш-9: Айгул-Таш-10 ысымдары ыйгарылсын.
2. Шаар ичиндеги аты жок көчөлөргө ыйгарылган ысымдар шаар калкына шаардык "Өрукзар" коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.
3. Жаныдан ысым ыйгарлыган көчөлөрдүн аталышы жазылган табличкаларды жана уйлөрдүн катар номерлерин орнотуу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык жактан коргоо. Жаштар спорт, туризм медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов тапшырылсын
Төрага | А.Ташбеков |