Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры №1
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9 айлык бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9 айында бюджеттин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовдун отчетун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9 айында бюджеттин киреше жана
чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовдун отчету эске алынсын. (отчет тиркелет)
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 9 айында такталган
планы 11160,2 миң сом эсебинде бекитилип, 11177,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (расчеттор тиркелет)
3. Чыгаша бөлүгү смета боюнча такталган планы 12494,6 миң сом бекитилип,
9333,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (расчеттор тиркелет)
4. Өндүрүлбөй калган салыктарды жана ижара акыларды өндүрүп, кошумча киреше
булактарын таап, бюджетти толтуруу финансы –экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу М. Осмоновко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Финансы,
бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З.Арстанбеков |