Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры №4
Айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу М. Осмоновдун кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кыя айылынын Кыпчак-Талаа көчөсүнө Кичи футбол аянтчасын куруу, жаш өспүрүмдөрү дени сак жашоого үндөө максатында айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу М. Осмоновдун Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна даярдалып жаткан долбоорду кабыл алып берүү жөнүндөгү А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 26-декабрындагы № 01-16/1179 сандуу сунушун угуп жата талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М. Осмоновдун 2019-жылдын 26-декабрындагы № О-97 сандуу кайрылуусу А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 26-декабрындагы № 01-16/1179 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Кыя айылынын Кыпчак-Талаа
көчөсүндөгү Кичи футбол аянтчасын куруу боюнча райондук өнүгүү фондуна даярдалган долбоору кабыл алынсын.
3. Аталган долбоорду ишке ашырууга керектелүүчү иш кагаздарын даярдап,
тиешелүү чараларды көрүү жагы Кызыл-Кыя айылынын айыл башчысы Б. Абдуллаевке жана У. Кадыровко милдеттендирилсин.
4. Райондук өнүктүрүү фондуна даярдалып жаткан долбоордун жүрүшүнө толугу
менен көмөк көрсөтүп, көзөмөл жүргүзүү жана долбоордун жалпы сметасынын 5% депозити үчүн 289 000 (эки жүз сексен тогуз миң) сом акча каражатын 2020-жылдын бюджетине киргизип жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке жана Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З.Арстанбеков |