Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры №5
№ 18-М. Молдалиев атындагы орто мектебинин директору К. Шерматованын 23.12.2019-жылдагы № 147 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнү аймагындагы № 18- М. Молдалиев орто мектебинин директору К. Шерматованын 2019-жылдын 23-декабрындагы № 147 сандуу кайрылуусунда айтылгандай жана айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 27-декабрындагы № 01-16/1191 сандуу сунушунда аталган мектепке жыйындар (актовый) зал куруп берүү жөнүндөгү кайрылууларды угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 27-декабрындагы № 01-16/1191 сандуу сунушу эске алынсын.
2. № 18-М. Молдалиев атындагы орто мектептин айланасына жыйындар (актовый) зал куруп берүү боюнча даярдалган долбоор артыкчылыктуу деп кабыл алынсын.
3. Аталган долбоорду ишке ашырууга керектелүүчү иш кагаздарын даярдап, тиешелүү чараларды көрүү жагы мектеп директору К. Шерматовага милдеттендирилсин.
4. Аталган долбоорду ишке ашырууга тиешелүү деңгээлде колдоо көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке жана Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З.Арстанбеков |