БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2019-жылдын 30-декабры №6
Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө
“Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кырыгз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти (мындан ары-Департамент) мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүнү ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 27-декабрындагы № 01-16/1197 сандуу сунушунда аталган маселени угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын 31-октябрындагы № 261 сандуу буйругу, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменинин 2019-жылдын 20-декабрындагы №23-1/8343 сандуу каты эске алынсын.
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору М.К. Пратова менен Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.А. Сатыкуловдун эки тараптуу келишими бекитилсин.
2. Аталган эки тараптуу келишимдин негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
3. Аталган ыйгарым укуктарды айыл өкмөтүндө ишке ашырууга, жарандарды тейлөө кызматы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ф. Джумабековага жүктөлсүн.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке жана Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З.Арстанбеков |