Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры №7
А. Халиевдин арызын кароо жөнүндө
Жаңы-Арык айылынын Ж. Каракожоев көчөсүнүн тургуну А. Халиевдин көп жылдан бери өздөштүрүп пайдаланууга берилген 13,0 га жер аянтын менчиктештирип берүү жөнүндөгү айылдык кеңешке кириштелген 2019-жылдын 23-декабрындагы № Х-91 сандуу арызында айтылган маселени угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы –Арык айылынын Ж. Каракожоев көчөсүнүн тургуну А. Халиевдин 2019-жылдын 23-декабрындагы № Х-91 сандуу арызы эске алынсын.
2. А. Халиевдин көп жылдан бери өздөштүрүп пайдаланууга берилген 13,0 га жер аянты менчиктештирилип берилсин.
3. Аталган жер аянтын менчиктештирип берүү боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Аталган жер аянтын мыйзам талаптарын сактоо менен пайдалануу жагы А. Халиевке жүктөлсүн.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З.Арстанбеков |