МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 12-ноябры №1
Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча бшкаруу органдарына айрым мамлекетик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө » Кыргыз Республикасынын 2013- жылдын 9-июлундагы № 127 Мыйзамына ылайык Масы айылдык кеңешинин ХХVII чыкарылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2013- жылдын 9-июлундагы № 127 Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ноокен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Б.Саипов жана Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун ортосунда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча» түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
Төрага | А.Нарматов |