Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры №3
Масы айылындагы базарда өрт коопсуздугун жана тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштеринжүргүзүү боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Ноокен районундагы базарларда өрт кесепеттери катталып жаткандыктан, Масы айылындагы базардын тазалыгын жана өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы боюнча Масы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис А.Максуталиеванын оозеки сунушун угуп жана талкуулап, Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылындагы базарда өрт коопсуздугун жана тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча айылдык кеңештин убактылуу комиссия түзүлсүн.
А) Алиев Абдыкадыр-комиссиянын төрагасы.
Б) Хасанов Мирсали- комиссиянын мүчөсү.
В) Осмонжанов Абдумиталип- комиссияны мүчөсү.
Г) Муминов Рашиджан- комиссиянын мүчөсү.
Д) Оморалиев Нургазы- комиссиянын мүчөсү.
2. Аткарылган иштер боюнча маалымат берүү комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | А.Нарматов |