Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры №4
Ноокен районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Ноокен районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 112-сандуу кайрылуусунда учурдун талабы болгон «Бирдиктүү терезе» элди, кардарларды тейлөө жана ыңгайлуу шарт түзүү максатында курулуш курууга жер планын квадратка жакындатуу үчүн архитектуранын түштүк чыгышындагы 726,5 кв.м жер аянтынан кошуп берсек, ал эми архитектурага киргендеги айл өкмөттүн жер тилкесинен архитектурага кошулса эки жактын тең жер аянттары өзгөрбөйт деген сунушун угуп жана талкуулап, Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен районунун шааркурулушу жана архитектура
боюнча башкармалыгын 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 112-сандуу кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Ноокен районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 726,5 кв.м жер аянты менен Масы айыл өкмөтүнүн балансындагы бак кылууга деп калтырылган архитектура башкармалыгынын жанындагы жер аянтынан 726,5 кв.м жер аянтын алмаштырууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
Төрага | А.Нарматов |