Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры №5
Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Масы айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 12-ноябрдагы №12 протоколун угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 01-35/1024-сандуу каты эске алынсын.
2. Масы айылынын Кызыл-Туу айылындагы жакыр, жашоо шарты оор үй-бүлөлөргө «Ас-салам» кайрымдуулук фонду тарабынан үй куруп берүү үчүн мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун №769 контурундагы кайракы жерден 9,5 га жер тилкеси ажыратылып берилип, курулган үй баланстык наркы менен айыл өкмөттүн муниципалдык менчиигине кабыл алынсын.
3. Токтомдун аткарлышынын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |