Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры №6
Богот айылынын тургуну Э.Макамбаевдин,Беш-Жыгач айылынын тургундары И.Махаматалиевдинжана Ш.Умарованын жана Манас көчөсүнүн тургуну С.Дадашевдин арыздарын кароо жөнүндө
Богот айылынын тургуну Макамбаев Эсенжандын жүрөгү ооруп жаткандыгына байланыштуу операция жасатууга, материалдык жардам сурап жазган арызын, Манас көчөсүнүн тургуну Дадашев Султан ак кан оорусу менен ооругандыктан дары-дармек алууга акчалай жардам сураган, Беш-Жыгач айылынын тургундары Умаров Шарапат ден-соолугуна байланыштуу дарыланууга акчалай жардам сураган, спорттун ММА түрү боюнча мушкер Махаматалиев Исабек алдыдагы мелдештерге даярдануу үчүн акчалай жардам сураган арыздары боюнча угуп жана талкуулап, Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Богот айылынын тургуну Э.Макамбаевдин, Беш-Жыгач айылынын тургундары И.Махаматалиевдин жана Ш.Умарованын жана Манас көчөсүнүн тургуну С.Дадашевдин арыздары эске алынсын.
2. Богот айылынын тургуну Макамбаев Эсенжандын жүрөгүн операция жасатууга 10 000 (он миң) сом, Манас көчөсүнүн тургуну Дадашев Султан ак кан оорусу менен ооругандыктан дары-дармек алууга 10 000 (он миң) сом, Беш-Жыгач айылынын тургундары Умаров Шарапат ден-соолугуна байланыштуу дарыланууга 10 000 (он миң) сом, спорттун ММА түрү боюнча мушкер Махаматалиев Исабекке алдыдагы мелдештерге даярдануу үчүн 10 000 (он миң) сом Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен акчалай жардам көрсөтүү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |