Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-ноябры №8
Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын коэфицентин бекитүү жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн салык маселелери боюнча башкы адис Б.Омаралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XXIX кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайланагандыгы үчүн жер салыгынын зооналдык коэфицентинин өлчөмү 1 (бир) өлчөмүндө бекитилсин.
2. Көмүскө экономиканы ачыкка чыгырып, салыктарын төлөтүү салык маселеси боюнча башкы адис Б.Оморалиевге милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыгына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |