Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №5
Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл-чарба, тамак-аш өнөр жай мелиорация министрлиги «кыргызмамжердолбоорлоо» институтуна караштуу Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2019-жылдын 11.12. № 723-сандуу билдирүүсүн, Ноокен районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2019-жылдын 10-декабрдагы №87-корутундусу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын 2019-жылдын 10-декабрдагы №01-2/647-корутундусунун жана Масы айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Масы айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2.Масы айылынын М.Балтабаев көчөсүнүн этегиндеги дөңсөнүн жанындагы турак жайга берилген №594 контурдан, социалдык обьектилерге калтырылган жерден 0,20га жер тилкесине бала бакча куруу үчүн ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык кеңешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |