Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №6
«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалына жер тикесин кароо жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы №01-35/1192-сандуу кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын 2019-жылдын 12-ноябрындагы №01-2/586-сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөндөй башкармалыктын жарандар жана уюмдар менен өз ара аракеттенишине, алдыңкы башкаруу технологияларын, электрондук документ жүгүртүүнү ишке ашыруу максатында имаратынын жетишсиздигин эске алып, Масы айыл өкмөтүнүн Токтогул көчөсүндөгү калктуу конуш жерден 0,30 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 25-беренесинин 2-пунктунда таянып Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын учурдагы К.Султанов көчөсүндө жайгашкан имараты менен Токтогул көчөсүндөгү 0,30 га жер тилкесин алмашуу жолу менен мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.
2. Масы айыл өкмөтү менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын ортосундагы алмашуу келишими 1 айлык мөөнөттө түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешини төрагасынын орун басары А.Курбаналиевге тапшырылсын.
Төрага | А.Нарматов |