Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №7
Жергиликтүү кеңешти юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Жергиликтүү кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы “Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү” № 57 мыйзамынын 11-беренесине ылайык жергиликтүү кеңешти мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү сунушун угуп, Масы айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө 2017-жылдын 25-январь 2-сессиясынын № 1-токтомунун негизинде, Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин.
2. Масы айылдык кеңеши юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон
өткөрүлсүн.
3. Айылдык кеңештин фирмалык аталышы мамлекеттик тилде “Масы айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси, ал эми расмий тилде учреждение “Айылный кеңеш Масынского айылного аймака” деп катталсын.
4. Мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө кеткен чыгымды жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Ноокен
району, Масы айылы, К.Султанов көчөсү 112 үй.
Эскертүү: Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | А.Нарматов |