Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №8
Ноокен районунун «Масы айылынын борбордук аянтынын тротуарларын скверлерин реконструциалоо иштерин жасоо жана борбордук эс алуу парктын айланасын темир торчосу менен тосуу» жөнүндө долбоорун кароо
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнө караштуу «Масы айылынын борбордук аянтынын тротуарларын скверлерин реконструкциалоо иштерин жасоо жана борбордук эс алуу парктын айланасын темир торчосу менен тосуу» жөнүндө долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Долбоорго акча каражатын бөлүү үчүн Ноокен райондук Өнүктүрүү фондунун комиссиясына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына тапшырылсын.
3. Долбоорду ишке ашыруу максатында Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым үчүн 622392 (алты жүз жыйырма эки мин үч жүз токсон эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенишинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |