Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №9
Ноокен районунун «Масы айылынын ылдыйкы зоонасына 50 орундуу балдар бакчасынын капиталдык курулуш» жөнүндө долбоорун кароо
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнө караштуу «Масы айылынын ылдыйкы зоонасына 50 орундуу балдар бакчасынын капиталдык курулуш» жөнүндө долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Долбоорго акча каражатын бөлүү үчүн Ноокен райондук Өнүктүрүү фондунун комиссиясына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына тапшырылсын.
3. Долбоордун ишке ашыруу максатында Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым үчүн 2325000 (эки миллион үч жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык кеңишинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |