Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры №1
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерди көрсөтүү жөнүндө
Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 19.11.2019-жылдагы № 06-3/1558-катынын негизинде “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж Суярованын маалыматы угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 29-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкер Темирова Нургул Байышбековна көрсөтүлсүн.
2. Токтомду бекитип берүү жагы , КР борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен, Базар-Коргон, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлүнөн суралсын.
3. Кабыл алынган токтом Акыйкат гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж Суяровага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Стамбаев |