Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-декабры №29-2
Төөлөс айыл аймагынын “Кеңеш айылындагы таза суу скважинасын тазалоо жана жаңы конушка таза суу түтүктөрүн орнотуу” долбоорунун өздүк салымы жөнүндө
Айыл аймагынын көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл аймагынын, “Кеңеш айылындагы таза суу скважинасын тазалоо жана жаңы конушка таза суу түтүктөрүн орнотуу” долбоорун ишке ашыруу максатында, долбоордун өздүк салымы үчүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 469 120,35 (төрт жүз алтымыш тогуз миң бир жүз жыйырма) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы,айылдык кенештин “Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Абдырахманов |