ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 29 сессиясы
2019-жылдын 6-декабры №29-4
Төөлөс айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин, 2019-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин, 2019-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы канаатандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин 2020-жылга карата иш пландарына,айыл аймагындагы ички жайыттарды тактоо жана малдын санын так жүргүзүү иштерин киргизүү жана аткарууга алуу,жайыт комитетинин төрагасы А.Темировго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы,айылдык кенештин “Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Абдырахманов |