Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №31-3
Жайытка ыңгайсыз болгон жер тилкелеринин багытын өзгөртүү (трансформация) үчүн, иш кагаздарын жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде болгон жерлерди туура пайдалануу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине тиешелүү,жайытка ыңгайсыз болгон жолбоюндагы жер тилкелеринин,Багытын өзгөртүү (трансформация) үчүн ишкагаздарын жүргүзүүгө жана өзгөрүлгөн багыты боюнча пайдаланууга, макулдукберилсин.
2. Жердин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча иш кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүүнү камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн «Калктуу конуштардагы муниципалдык жерлерди,ижарагаберүү» боюнча комиссиясына жана жер адисине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айылдык кеңештин «Айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу,экология,жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш,өнөржай,кайра иштетүү жана энергетика» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |