Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы №3
Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 4-беренесине ылайык аймактагы айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарын коэфиценттерин өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кашка-Суу айылдык өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 1-беренесинде белгиленген жердин ставкасы таблицанын негизинде жашаган калктын санына карата 1,6 сом-м 2 бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 4-беренесинде бекитилген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө КЗ-зоналдык коэффицент 1,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 6-беренесинде белгиленген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө комерциялык коэфицентин (КК) өлчөмү дүкөндөр үчүн төмөндөгү таблицанын негизинде
Аянт М2 | 10 м2 чейин | 10-20 чейин М2 | 20-35м2 | 35-50м2 | 50 андан жогору м2 |
ККнын негизи | 22,5 | 16,5 | 10,5 | 7,5 | 6 |
жана АЗСтер үчүн 10 сом м2, техникаларды оңдоочу жайлары үчүн м2-0,2 жана тоо кен иштеткен ишканалардын имараттары жана сооружениелери үчүн м2-0,3 сом бекитилсин.
4.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 5-пункутуна ылайык аймакта калк жашаган конуштардын эшик алды жер аянттарынан, жашап жаткан менчик үйлөрүнүн бөлүгүн, же үйлөрүн пайдаланган учурга айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарын коммерциялык коэфиценти КК 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |