Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы №5
Ачык-Суу айылындагы “Куур-Булак Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчисин дайындоо жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы “Куур-Булак Таза- Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчисин дайындоо жөнүндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Бакировдун, Ачык-Суу айылынын депутаттарынын жана Ачык-Суу айылынын айыл башчысы Р.Бакировдун сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 1- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ачык-Суу айылындагы “Куур-Булак Таза Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчилик кызматына Ачык-Суу айылынын тургуну Убайдилла уулу Валижан дайындалсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук ,укук тартибин чындоо,кенештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |