Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы №6
Салык өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-статьясынын негизинде аймактагы юридикалык жактардын (үлүш) жер аянттарын базалык ставкасынын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-статьясынын негизинде аймактагы юридикалык жактардын (үлүш) жер аянттарын аймактын татаал климаттык шартына ылайык жана топурактын асылдуулугун эске алуу менен 1 га жер аянтына төмөндөгүдөй базалык ставкалардын өлчөмү бекитилсин:
- Кашка-Суу айылы боюнча -73,0сом
- Ачык-Суу айылы боюнча -80,50 сом
- Кабык айылы боюнча -56,0 сом
- Кара-Кабак айылы боюнча -77,30 сом.
- Жайылма айылы боюнча -73,0 сом.
- Бурган-Суу айылы боюнча-73,0 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |