Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы №7
Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337- статьясына ылайык аймактагы айылдарда жашаган жаш курагы жана 4 баладан жогору балдары бар, улуусу 16 жашка чейинки жаш балдары бар үй бүлөлөрүгө жеңилдик берүү жөнүндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 343- статьясынын негизинде 63, 78 га жер аянтты эшик алды салык төлөмдөрүнөн жаш курагы боюнча жана 4 жаштан жогору, көп балдары бар, улуусу 16 жашка чейинки үй бүлөөлөргө жеңилдик берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |