Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы №9
Жер аянттарына салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинен пайдаланылган жер аянттарынын салык өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинен пайдаланылган жер аянттарынын салыгы суулуу жана табигый жер аянттарына 2017-жыл Кыргыз Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-июнундагы № 243-токтомунда көрсөтүлгөн жобого ылайык аукцион жолу менен алынып, баштапкы баасы 1 га суулуу жерге 200 сом, чөп чабынды жерге 30 сом менен бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |