Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы №12
Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү баалоо жана мониторинг тобунун курамын бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Т.Кудайбергенованын мониторинг жана баалоо тобунун курамын бекитүү жөнүндө сунушун Кашка-Суу айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 1-сессиясынын кезектеги отуруму карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү мониторинг жана баалоо тобунун курамы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин
Баалоо жана мониторинг тобунун төрагасы:
Р.Ботобеков- Өзгөчө кырдаалдар боюнча адис;
Мүчөлөрү:
К.Акунбаева- Эсенкелди уулу Максатбек атындагы орто мектебинин мугалими;
Б.Маматназарова- “Байчечекей Кашка-Суу” балдар бакчасынын башчысы;
Т.Орозалиев- Эсенкелди уулу Максатбек ат.орто мектебинин чарба башчысы;
З.Баатыркулова- “Айданек” балдар бакчасынын башчысы;
З.Эрмекбаева- “Кабык” балдар бакчасынын башчысы;
Ш.Шамансурова- “Кашка-Суу” балдар бакчасынын башчысы.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |