Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №210
Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы №311 «Ош шаарында ипотекалык шартта батирлерди берүү боюнча иш жүргүзүүдө аткарыла турган иштин тартиби, орундатуу жолдору жана финансылык механизмдеринин параметрлерин бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 28-ноябрындагы №407/08-6 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №27 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы №311 токтомунун тиркемесинин «Пайыздык чен» аталышындагы 7-пунктунун биринчи абзацындагы «6» саны «4» санына алмаштырылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |