Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ош шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2019-жылдын 25-декабры №211

Ош шаарында көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө

(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)

Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 25-ноябрындагы катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №49 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош шаарында көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Ош шаарынын мэриясы (Т.Сарыбашов) ушул жобонун Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын чегинде ишке ашырылышын көзөмөлгө алсын.

3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ж.Ормонов