Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №215
Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүнүн №108/2 дарегиндеги жалпы аянты 3073,56 чарчы метр жер тилкесинин фукционалдык чөлкөмдөштүрүүсү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 5-декабрындагы №1308/08-4 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №51 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүнүн №108/2 дарегиндеги жалпы аянты 3073,56 чарчы метр жер тилкесинин Ош шаарынын башкы планындагы “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактар” функционалдык чөлкөмүнөн “Көп кабаттуу турак жайлар” функционалдык чөлкөмдөштөрүүсүнө өзгөртүүгө, мыйзам талаптарын аткаруу шарты менен, макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):
- аталган маселе боюнча Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институтуна сунуш жөнөтүү;
- курулуштарга уруксат берүүдө аталган жер тилкесинин шаар куруу түйүнүн эске алуу тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык
жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |