Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №217
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын, жашоочулардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылууларын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы отурумунун №25, 2019-жылдын 11-декабрындагы №28 жана 2019-жылдын 18-декабрындагы №31 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен тиркемеге ылайык акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №306 дарегинде 7 бөлмөлүү муниципалдык имаратта жайгашкан “Жамгыр балдары” коомдук кайрымдуулук фондун 2020-жылга карата ижара акысынан бошотууга макулдук берилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарды мыйзамда каралган тартипте максаттуу каржылануусун көзөмөлгө алуу жүктөлсүн.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы кезектеги XXIV сессиясынын №217 токтомуна тиркеме
|
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы отурумунун №25 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар
: 1.Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен:
Ош шаарынын мэриясына: -50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну, физик ойлоп табуучу А.Пирматовдун ойлоп тапкан жаңы техникасынын макетин жасаганга жана Кыргызпатенттен катталууга жардам иретинде;
-100,0 миң сом акча каражатын Озгур айылынын тургуну А.Эркебаевге Индия мамлекетине боорун алмаштырууга баруусу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн 3-8 үйүнүн тургуну Б.Кадырованын кызынын жана неберелеринин дарылануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн №22 «Б» үйүнүн №38 батиринин тургуну А.Кадырованын баласынын дарылануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын тургуну С.Шарипованын дарылануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Бабур атындагы көчөнүн №14 үйүнүн тургуну К.Сабиржановдун үйүнүн өрттөнүп кеткендигине байланыштуу турак-жайын калыбына келтирүү үчүн материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Бабур атындагы көчөнүн №16 үйүнүн тургуну А. Каримовдун үйүнүн өрттөнүп кеткендигине байланыштуу турак-жайын калыбына келтирүү үчүн материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Бабур көчөсүнүн №18 үйүнүн тургуну М.Садыковдун өрттөнүп кеткен үйүн калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын Калмурзаев көчөсүнүн №5 үйүнүн тургуну, I топтогу майып Ш.Пазыловага жергиликтүү бюджеттен материалдык жардам иретинде
Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалына:
-60,0 миң сом акча каражаты кеңеш айылынын Р.Ташкулов көчөсүндөгү электр мамычаларга траверс алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам иретинде.
Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 11-декабрындагы отурумунун №28 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар:
1.Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен Ош шаардык билим берүү башкармалыгына: -150,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын №33 балдар бакчасынын эскирген терезелерин пластик терезелерине алмаштыруу үчүн; -80,0 миң сом акча каражаты Ош шаарынын №16 балдар бакчасынын короосунун айланасына суу лотокторун орнотуу үчүн. Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 18-декабрындагы отурумунун №31 токтомуна ылайык бөлүнүүчү акча каражаттар: 1.Ош шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетиндеги өзгөчө кырдаалдарга каралган акча каражатынын эсебинен 1 500,0 миң сом акча каражаты Ош шаардык жолдор муниципалдык ишканасына, Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгү жолдун курулуш иштери үчүн. Ош шаардык Кеңешинин аппаратжетекчиси К.Камчиев